Сапар Исаков: "Биз Чыңгыз Айтматов менен абдан бай мамлекетпиз"

Бүгүн, 12-январда Талас облусунун Шекер айылында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленүүдө. Иш-чарага премьер-министр Сапар Исаков баштаган бир нече өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.

Өкмөт башчы дал ушул Шекер айылында туулуп-өскөн Чыңгыз Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгына токтолду.

“Кыргызды таанымал кылган улуу инсан Чыңгыз Айтматов быйыл 90 жашка толмок. Бул адам - кыргыз туусун бийик көтөргөн, дүйнөгө жаңы философия берген Айтматов. Биз ар дайым Айтматовдун чыгармаларын окуп жүрүшүбүз керек. Ушул жерде депутаттар отурат. Айтматовдун элесин элге жаңыртып тартуулап турушубуз керек”, - деди Исаков.

Ошондой эле ал быйыл Шекер айылында “Чыңгыз Ордо” мемориалдык комплексинин курулушу баштала турганын расмий жарыялады.

“Мен эки күн мурун кол койдум. 15 гектар жер бөлүнүп берилип жатат. Өкмөт атайын иш-чаралардын планын иштеп чыгып жатат. Бийик деңгээлде Айтматовдун 90 жылдыгы өткөрүлөт. Биз Чыңгыз Айтматов менен абдан бай мамлекетпиз”, - деп сөзүн жыйынтыктады өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
pyeon hwa
2018-01-12 15:00:18
Ошол созду отдуши айткан болсо, Чынгыз А.дун туулган кунундо министр депутаттар конул буруп койбойт беленер. Жалан маданият окулдору конул бурушкан экен
+2
almanbetperm
2018-01-12 17:14:09
5 гектар жер кетти бироого,
Эрте менен айтылып аткан эле 20 гектар деп
+1
Alinur96kg
2018-01-13 00:24:10
Туура айтат, черезчур бай мамлекетпиз.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан