Дастан Бекешев акыйкатчы Турсунбек Акундун орду башка жакта экендигин айтты
Бүгүн, 6-июнда ЖКнын жыйынында депутат
Дастан Бекешев акыйкатчы Турсунбек Акундун 5-июнда айткан билдирүүсү күлкүлүү экендигин айтты. Айтымында,
көп жарандар ага ишенбегендиктен акыйкатчыга кайрылгылары келишпейт. “Эмнеге юридикалык бөлүм көпкө иштеп жатат? Кечээки берген
интервьюсу абдан күлкүлүү. Көптөрү Акундун орду акыйкатчылыкта эмес экендигин, аны
башка жакка кетирүү керектигин айтып жатышат”,- деди эл өкүлү. Ошондой эле
акыйкатчы Турсунбек Акундун ишмердүүлүгүн иликтөөчү комиссия түзүү маселесин
бүгүн күн тартибине коюуну сунуштады.