Түркияда эл ташыган учак конуп жатып тилкеден чыгып кетип деңиздин жээгиндеги жардын башына илинип калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 14-январга караган түнү таңга маал болгон. Анда Анкара шаарынан учуп келип Трабзон шаарында жайгашкан деңиздин жээгиндеги аэропортко конуп жаткан учак тилкеден чыгып кеткен. Ал тилкеден чыккандан кийин деңиздин жээгиндеги жардын башына илинип калган. Ал учакта 162 жүргүнчү жана учактын экипажында 6 адам болгон. Бирок эч ким жаракат алган эмес, бардыгы аман-эсен куткарылган.
Бул окуяга байланыштуу аэропорт бир нече саатка убактылуу иштебей турган. Алдын ала маалыматтар боюнча, учкучтар конуп жаткан учурда башкара албай калып тилкеден чыгып кеткен.