КҮНСЕРЕП: 386 миллион долларга жаӊыланган ТЭЦ дагы 29 миллион сомго муктаж

Бүгүн, 15-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Кыргыз жеринде жаңы салынып жаткан, оңдоп-түзөөдөн өткөн жолдордун сапаты жакшырышы мүмкүн. Өлкөдө "Автомобиль жолдору жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирди. Ага ылайык, ишти аткаруучу компания жаӊы салынган жолдун сапатына 5 жылга кепилдик бериши керек. Буга чейин жолдор 2 жылдык кепилдик менен кабыл алынып, 2 жылдан кийин бузулуп кеткен жол үчүн аткаруучу компания эч кандай жоопкерчилик тартчу эмес. Ал эми оӊдоодон өткөн жолдор үчүн кепилдик мөөнөтү буга чейин 1 жыл болсо, эми 3 жыл болот.

Жаӊы жолдордун сапаты Кыргыз жеринде көп талкууланган тема. 2016-жылы Кыргыз өкмөтү 954 миллион сомго Бишкек - "Манас" аэропорту жолун жаӊылаган. Жол сапатсыз жасалып жатканын ал кездеги премьер Сооронбай Жээнбеков айтып чыгып, 2016-жылы сентябрда куруучу тарап жаӊы бүткөн жолдун айрым жерлерин өз каражатына оӊдоого аргасыз болгон. Жолдо жаракалар пайда болгонун 2017-жылы жазында Бишкек - "Манас" аэропорту жолун тейлөө ишканасынын башчысы Шаршен Исмаилов айтып чыгып, жолду оңдоодон өткөргөн "Технотоп" ишканасы кайрадан оңдоо иштерин жасаган. Аткаруучу компания 1 жылга берген кепилдиги 2017-жылы күздө бүттү. Эми трассадагы кемчиликтер өкмөттүн баш оорусу. Мындай мисалдар көп. Демилгечи депутат Марат Аманкулов Кытай, Финляндия өӊдүү өлкөлөрдө жаӊы салынган жолго кепилдик мөөнөтү 25-30 жылга чейин коюларын айтат.

2014-жылга чейин Кыргыз жеринде автомобиль жолдорун курууда кепилдик мөөнөтү 1 жыл болгон. 2014-жылы мөөнөт 2 жылга узартылган. Депутаттар бул темага 3 жылдан соӊ кайра кайрылышты. 2018-жылы күчүнө кирген жаӊы нормаларга ылайык, жол куруучу компаниялардын жоопкерчилиги күчөйт. Ошентсе да жолдордун сапатын жакшыртуу үчүн жасалууга тийиш болгон башка да иштер бар. Адистер Кыргыз жеринде жаӊы жолдордун тез бузулуп жатышынын себеби деп оор жүк ташуучу унаалардын жолдордо нормадан ашыкча жүк алып жүрүүсүн, бул нерсе көзөмөлдөнбөй жатканын, кышында жолдордун муздан тазаланбай жатышын да айтып жүрүшөт...

Бишкектин Жылуулук электр борборунда (ТЭЦ) от казандарды оӊдоо үчүн 29,9 миллион сомго тендер жарыяланды. Соӊку айларда Бишкектин үстүн каптаган кара түтүн талкууга алынып, тынсыздантып, көпчүлүк ЖЭБди күнөөлөп жатышат. 7-январда премьер Сапар Исаков Улуттук энергетикалык холдингдин жетекчилигине ЖЭБден зыяндуу заттын бөлүнүп чыгуусун азайтуу тапшырмасын берген.

Ал эми ЖЭБдин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу абаны булгоого борбордун тиешеси жок экенин, аба автоунаалардын айынан булганып жатат деген ишеничте. Анын сөзүнө таянсак, оӊдоодон өткөрүлгөн ЖЭБ абага зыяндуу зат чыгарбай калган. Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиевдин билдиришинче, Кыргыз өлкөсү энергетика тармагы үчүн алган карыздын суммасы 100 миллиард сомдон ашты. Мунун ичинде Бишкек ЖЭБин жаӊылоо үчүн Кытайдан карызга алынган 386 миллион доллар дагы бар. 386 миллион доллар кантип жумшалары Эсептөө палатасы 2015-жылы ЖЭБ карамагына кирген “Улуттук электр станциялары” ишканасына карата жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында айтылат. Мисалы, жабдуулар үчүн 164 миллион 600 доллар, курулуш иштерине 66 миллион 700 миӊ доллар, монтаж иштерине 64 миллион 200 миӊ доллар жумшалары көрсөтүлгөн. Ал эми кызматкерлерди жана техникаларды жеткирүүгө 12 миллион 400 миӊ доллар коротулары көрсөтүлүп, бирок бул акчага конкреттүү эмне иштерге жасалары айтылган эмес. Бишкек ЖЭБин оӊдоого 4 жыл жумшалып, 2017-жылы августта жаӊыланган ишкананын расмий ачылышы болгон. Ошентип жакында эле жаӊыланган ЖЭБди оӊдоого дагы 29 миллион сом сарпталганы жатат. Албетте, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен...

Бишкек-Ош трассасы автоунаа кыймылына ачык. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырдаал көзөмөлдө экенин кабарлады. Азырынча, ашууларда унаа тыгындары жок. Мамлекеттин түндүк-түштүгүн байланыштырган жалгыз унаа жолунда үзгүлтүксүз кыймылды камсыздоого өлкөнүн Куралдуу күчтөрү жардамга келди. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы ашууларда тыгылып калган оор жүк ташуучу унааларды тартып чыгаруу үчүн 2 даана аскердик техника бөлүп берген, алардын бири Төө-Ашууда, экинчиси Токтогул аймагында турат.

15-22-январь күндөрү кар көчкүнү атайын атып түшүрүү иштери жүрүп, трассада жол кыймылы маал-маалы менен чектелет. Коомчулуктагы сындардан кийин кезектеги калыӊ карды Бишкек мэриясы да камдуу күтүп алганы байкалат. Көчөлөрдү тазалоо иши Жаӊы жыл алдындагы абалга караганда түзүк. Алдыда кыштын жарымы бар, ошентсе да жооптуу министрликтер, шаар жетекчилиги айтылган сындардан, элдеги нааразычылыктан жыйынтык чыгарганы кубандырат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан