ЭЛДИК КАБАР: "Өзгөндүн мал базарындагы тыгындан улам мал адамдардын бутун тебелеп, сүзүп, жыгылтып кетет" дейт окурман

Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Красный-Маяк айылында жайгашкан мал базарда шарттар каралган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда "Элдик кабар" рубрикасына окурман WhatsApp аркылуу кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, базардагы тыгындан улам мал адамдардын бутун тебелеп, сүзүп, жыгылтып кетет.

"Көпчүлүгү тыгында жыгылып, кийимдери булганат, мал тебелеп, сүзүп жаракат алып кеткендер да болот. Мал базардын ичине Портер унааларын киргизип койгон, жердин көбүн ошол унаалар ээлеп калат. Сатуучулар менен кардарлар тыгындан улам ала турган же сата турган малын жакшылап карап, байкап көрүүдө кыйналат. Базардын администрациясы ар бир кирип-чыккан Портерден 20 сомдон акча алат, акчасына эле кызыгып киргизе бергени менен эл кыйналып жатат. Жылкы саткандардан 100 сом, бодо мал саткандардан 70 сом, кой, эчки саткандардан 30-50 сомдон алынат. Бирок шарт каралган эмес, тыгындан мал алып келген эмес, бош адам өтө албайт", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
Isco23
2018-01-15 11:03:18
Анда барбайле койгула мал базарга,бутуму тебелеп сузот деп. Ал мал болот тубуно коюп алсан тебелейт да
-1
Too-tash
2018-01-15 11:16:45
Кабарды жоноткон окурман туура эле койгойду которгон... Жалал-Абад же башка жердин мал базары Озгондун мал базарынан бираз дурус. Анткени Озгондогу мал базар элдин жана малдын коптугунон чонойтууга муктаж. Мал сатканы да, аларманы да кийимин булгап кайтат... Мисалы жонокой жай адам тойго торпок же кунаажын сатып алуу учун базарга барганына бушайман болот ачыгы... Озгондогу мал (уй) саткан, кой жана жылкы саткан орундарды бириктирип чонойтуу керек дагы, мал (уй) базар кылып кою керек.
+12
karakulja
2018-01-15 11:22:21
Ошол учун базар да чиркин. Жакпаса учуп арала базарды.
-6
nurbekasr
2018-01-15 11:22:51
Чынында эле мал базардын ээси мал базарын порядок кылса болот акчаны эле ала бербей.Мал базарга кирсең мал карабай эле бутуңду карап басып каласын.Базардын ээсине айтып деп койсо болот мал базарда малдарды катар катары менен байлап коё турган катар аралык кылса.Ар бир рядтарга түшүп алып мал караганга да жакшы болмок.
+10
Too-tash
2018-01-15 11:23:07
Ал эми кой жана жылкыга озунчо коргон тосуп базар кылуу керек. Айлана тегеректе жер кенири, бирок ошончо мал-кой келсе базарга, биртке жерге баарын тыгып койгон туура эмес да... Аларман деген мал алаарда малдын алды-артына отуп карап, жетелеп корууго шарт болушу керек. Ал эми Озгондун мал базарында мал эмес, адамдар аран ары-бери отот, ар бир малды туртуп отуруп... Бул деген уят да... Базардын администрациясы ... жеп отурабы, шарт тузуп бербей...
+4
Too-tash
2018-01-15 11:26:10
Акча чогултканды билген мал базар администрациясы, шарт тузгонду да билиши керек... Баса, ал жердеги ашканаларды коргон адамдын конулу айланат. Райондун сан.эп.станция кызматкерлери келип пара алып кетип калбай, ошол мал базардагы ашканаларды иреттеп, тазалык жагына конул бурса жаман болбос эле...

Кыскасы, койгойлор коп, аларды чечейин деген жан корунбойт, баары эле кызыл кекиртек, алганды, "жегенди" гана билишет...

+5
Too-tash
2018-01-15 11:30:19
Менден бир сунуш:

Ошол мал базардын администрациясы мал базарды иреттеп, ондоп, кеминде 2 эсе кенейтип, (мал, кой, жылкы сатылган ар бир базардын аянтын 2-3 эсе кенейтип), ашканаларды мал базардын сыртына, озунчо жерге жайгаштырып, аларды санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бергидей денгээлге алып келгиче, Озгондун мал базарын жаап кою керек, район акимчилиги тарабынан...

Мал алып-сатсанар малга окшоп калбай, кичине шарт тузгонду уйронгуло да озунорго, кардарларга...
+7
kechirmeni
2018-01-15 11:34:07
Too-tash,Базарды жаба алышпай калды го бул Асилбектики деп уктум эле
+1
Too-tash
2018-01-15 11:55:01
kechirmeni, Жээнбековбу?!! Уят эмеспи, кимге караштуу болсо да, эгер Жээнбековдорго караштуу болсо, тем более..... Мал базар шаардын ортосунда болбогондон кийин, айлана-тегерегинде бош жерлер коп эле болгондон кийин, мал базарды чонойтуп, иреттеп кою кыйынбы?!! Ар бир мал базар болгон куну жуз миндеп акча чогултушат... Ал эми мал базарды кенейтип, шарттарын жакшыртуу учун андай коп акча да кетпейт ачыгы...

Уят, уят чондорго, ач коз баары, акыретин ойлонушпайт...
+3
tmttmt
2018-01-15 11:35:31
Токмоктуку деле ушулго бут коёрго жер жок
талону жоктордон 50 сом ветеринарга 25 сом портнрге 20сом талонго 50сом ошентип эле алышат уй базары өтөө тыгын балчак эле болот
+2
Bakyi
2018-01-15 12:21:31
Эми мал базар болсода тартип болуш керек
Тартипсиз эч нерсе өнүкпөйт.
Базаркомго айтып бир тартип, иретке келтирүүсү керек.
+3
Too-tash
2018-01-15 12:42:51
Суроттон да конунуп турбайбы, бут коерго жер жок. Адамдар ар бир малга жабышып туртуп отуруп ары-бери басат мал базарда, кийимин бут шалтактап..

Ал эми малдар портерде да мынчалык кысылып турбаса керек эле, мал базардагыдай...
+2
nurbekasr
2018-01-15 12:57:58
Мал базардакы ичинде чеке жагыраагындакы пряшки бозо саткандар идиштерин таза суу менен чайкап турушса жакшы болмок,жуубай эле арты артынан куя беришет.Анан да тазараак арактан сатышса самопал арзан белинка куя беришбей.
+1
Abdumital
2018-01-15 18:35:33
Жер жуткур аракты сатпа десен малын сатып анан арака тойуп алып акчасын алдыргандар толтура азыр аракты саттырбаш керек
0
La-lak.08
2018-01-15 20:36:03
Туура маселе козголгон. Базарды чонойтуш керек. Болбосо дүйшөмбү жана жума күндү мал базар кылып койсо тыгын аз болмок. Элге да жакшы болмок. Базаркомдорго да киреше көбүрөөк түшүп турмак.
0
Koichuman
2018-01-15 23:44:16
Озгон районуна караштуу жазы айылында жайгашкан!!!туура малымат алып жазгыла.
0
Koichuman
2018-01-15 23:45:49
Кыргызстанда эн чон мал базарлардын катарына кирет мал батпайт адам батпайт эски ордуна жылдырыш керек сайдын боюна
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан