Нарын облусундагы Сары-Булак-Өрүктам жолунун абалы өтө начар. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Бүгүнкү күндө Нарындагы Сары-Булак-Өрүктам жолунун абалы аябай начар. Элдин эптеп акчага алган машиналары талкаланып жатат. Бул жолдон чоң оор жүк ташуучу машиналар да өтөт. Жолдун абалы кадимки шиферге окшош. Жергиликтүү бийлик жолдорду оңдоо иштерин жүргүзбөйт. Бирок буга мамлекеттен акча которулат деп угабыз. Мамлекеттин каражаты натыйжалуу колдонулбай, элге кыйын болууда", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.