"Талас облусунда өкмөт башчы Сапар Исаков иш сапары менен келерде тез убакытта тазаланган жол ал кеткенден кийин кароосуз калды", - деген билдирүүнү окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsАpp аркылуу жиберген.
"Өткөн аптада өкмөт башчы Сапар Исаков иш сапары менен Талас облусуна келген. Ошол убакытта жергиликтүү жол эксплуатациялоо башкармалыгы тез убакытта жолдорду тазалап, кум сээп койгон. Бүгүн, 15-январь күнү жааган карды түштөн кийин дагы тазалашкан жок. Жол тайгалак болгондуктан жүк ташуучу машина жолдон чыгып кетти. Өкмөт келерде эле ушинтип укмуш иштеп, андан башка күндөрү каралбай калат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.