Ырчы Энрике Иглесиас жана жубайы Анна Курникова эгиз балдарын коомчулукка көрсөтүштү

Белгилүү испаниялык ырчы Энрике Иглесиас жана орусиялык мурдагы теннисчи Анна Курникова алгачкы ирет коомчулукка эгиз балдарын көрсөтүштү.

Жубайлар эгиздердин сүрөттөрүн өздөрүнүн социалдык тармактагы баракчаларына жүктөшкөн. Түгөйлөр буга чейин төрөлгөнүнө толук 1 ай болгон наристелердин сүрөттөрүн гана эмес, алар тууралуу маалымат айтуудан да баш тартып келишкен.

Эгиздерге Николас жана Люси деген ысымдар берилген. Алар 2017-жылдын 16-декабрында Майамиде жарык дүйнөгө келген.

Курникова кызы Люси менен сүрөткө түшүп "Менин күнүм" деген аталыш менен өзүнүн баракчасына жүктөгөн.

Ушундай эле аталыш менен уулу Николас менен түшкөн сүрөтүн 42 жаштагы ырчы Иглесиас да социалдык тармактын колдонуучулары менен бөлүшкөн.

Түгөйлөр 10 жылдан бери бирге түтүн булатып келишет. Эгиздер жубайлардын алгачкы наристелери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
gulum90
2018-01-17 12:15:09
Сонун!
+11
asanaliev.s
2018-01-17 13:27:41
Жожолордун омуру узууун болсун.
+7
FCBMESSI
2018-01-17 20:25:46
Энрике жакшы ырчы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан