Ысык-Көл облусунда жергиликтүү кеңештерге болуучу шайлоого карата 190 шайлоо участкасы түзүлдү

Ысык-Көл облусундагы шайлоо өтүүчү Чолпон-Ата шаары менен 59 айылдык округда 190 шайлоо участкасы, 5 аймактык комиссия түзүлгөн. Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн өкүлүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Давлетов билдиргендей, Чолпон-Ата шаардык кеңешине 21 мандат болсо, ага 232 талапкер ат салышууда же 1 мандатка 11 адам туура келет. 59 айылдык кеңешке 870 мандат болсо, 3839 талапкер же 1 мандатка 4,4 адам ат салышууда. Бул туурасында КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү М.Асанакунов алып барган облустук штабдын отурумунда белгилүү болду.    
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан