Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоп-түзөөдөн өткөргөн ишкананын жетекчиси 6 жылга эркинен ажыратылды

Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоп-түзөөдөн өткөргөн "Темир Канат" ишканасынын жетекчиси Эркинбек Мергенбаев 6 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечим Бишкек шаардык соту тарабынан кабыл алынганын SUPER.KG'ге Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, шаардык сот Биринчи Май райондук соттун 2017-жылдын 10-июлунда ага карата чыгарган чечимин жокко чыгарып, "чет өлкөдөн аткезчилик менен товар ташып келген жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качкан" деп айыпталган Мергенбаевди күнөөлүү деп тапкан.

Соттун чечимине ылайык, Мергенбаев жаза мөөнөтүн абакта күчөтүлгөн тартипте өтөйт жана мүлкү конфискацияланат.

Мергенбаев жетектеген "Темир Канат" ишканасы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн ипподромду 2014-жылы оңдоп-түзөөдөн өткөргөн. Бирок аталган ат майдан кайрадан оңдолуп чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dembele84
2018-01-17 20:32:37
Ушуга окшогон коррупционерлерди кекиртегинен бууп турсанар элдин ишенимине ээ болосунар.
+5
Pandora
2018-01-17 23:33:14
Кантип эле? кантип? Закон боюнча карап калды? же соттогулардын чонтогун толтурганга алы жетпей калдыбы?
+1
TazaKyrgyz
2018-01-18 00:03:16
Pandora,Ошону айтсан кантип?кантип?
0
Zainidin96
2018-01-18 00:50:23
Азыр биздин аткаминерлер элди ойлошпой озунун чонтогун ойлоп калды го таза иштеген адамдар саналуу гана
-1
BoyUlanboy
2018-01-18 07:46:52
Точна соттолдубу биздикилер соттолуп кайра эле бошонуп кетишчу эле. Коррупционерди соттош кк ошондо тыйылат коркупда калышат пара алып бергенден
0
wwwbaxa
2018-01-18 12:05:38
Кытайларды камаганга духунар жетеби миллиарддаган акча кеткен жол салганга сапаты начар...
0
esengulovbekzat1994
2018-01-18 17:16:44
Жакшы жаңылык болуптур. Ичим жылый түштү
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан