Күбө: "Жалал-Абадда тургундар оодарылып кеткен бензовоздон май алып жатышты"

Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарынын тургундары кооптуу абалга карабай, оодарылып кеткен бензовоздон агып жаткан күйүүчү майды канистрларга куюп алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуяга күбө болгон жергиликтүү тургун билдирди.

"DAF үлгүсүндөгү бензовоздун айдоочусу рулду башкара албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен. Бензовоздон солярка агып баштады, бирок эл бул кооптуу абалга карабай агып жаткан майды канистр жана башка идиштерге куюп жатышты", - дейт күбө.

Айта кетсек, 16-январь күнү саат 14:29 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 386-чакырымында DAF үлгүсүндөгү күйүүчү май ташычуу унаа оодарылып кеткен. Унаанын ичинде болжол менен 37 тонна солярка болгон, анын ичинен 1 тоннасы төгүлгөн.

Эске салсак, 2017-жылы Пакистанда күйүүчү май ташыган унаа жол кырсыгына кабылган. Оодарылып калган унаадан адамдар канистрларга бензин агызып алып жатканда жарылуу орун алып 152 адам каза болуп, 117 адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Omurbek998
2018-01-18 10:31:35
Кудай сактаптыр
+2
yasin11
2018-01-18 10:34:08
Аллах каягынан береерин билбейсин :)
+3
almanbetperm
2018-01-18 10:36:00
Атангору, бекер болсо лом жутам дегендерденго
+13
Kuyoo_bala
2018-01-20 01:31:54
almanbetperm,кайра ээсине берген аларды,жардамдашкан бекер тогулбосун деп.
0
Beka9393
2018-01-18 10:37:31
Кара-Кол шаарында постоянно ошондой мен канчасын кордум андайдын.
+2
Alixan-Nookat.2015
2018-01-18 10:53:37
Өлгүсү келген адамдар окшойт
+2
langar
2018-01-18 11:09:46
Оо маладсы бекер тогулуп кеткенден коро идиштерге куйуп сатып жибергиле
+11
aman0296
2018-01-18 11:43:06
Жарылып кетсенер болмок
-6
bars_wire
2018-01-18 11:53:18
Насип кылсын.
+1
bars_wire
2018-01-18 11:55:43
Кыргыз эли ниетибизди ондомойун.онукпойбуз.Жерге тогулуп убал болгончо.алып алышып пайда болуптур.
+5
Shadykanov
2018-01-18 12:48:03
Олосунорго чиркин ай
0
Aza030393
2018-01-18 14:20:10
Топтоп берип адамдык сыпатын билдиришсе бир соонун корунуш болмок эле ушундай корунуштор кайталанган сайын Кыргыз экениме намыстанып кетем
+5
Batma08
2018-01-18 15:25:30
Aza030393,ошода канча чыгымга учурады. Ошого жардам кылып кайтарып беришсе жакшы болот эле
+1
Krai
2018-01-18 19:00:53
Аны куюп алышпаса бекер деле жерге тогулмок да андан саясат издеп кереги жок туура кылышкан май ташыган бизнесмендердин ага банкрот деле болушпайт элдин акчасына келген май болуш керек
+1
adi.ali94
2018-01-18 19:04:08
Эгер бир тоннасы жерге төгүлгөнү чын болсо,элдер 35тонна куюп алышса,эсептесек бир милион төрт жүз миң зыянга учураптыр байкуш
0
Azatbek83
2018-01-19 02:02:48
Ушул даражага жеттикпи?!Бийлигине наалат!!!!!
-1
Stels
2018-01-19 22:32:10
Жерге тогулсо ошол айланадыгларга эле зыян да, жанында уйлор турат.Андан коро алып кеткендери туура.Ал жерден жаш балдар отот, балким садик же коомдук жай болушу мумкун.Билбей корбой талкуулаганды токтотсонор боло кыргызым!!! Ар кимин мумкун ошону кылмаксын, уйндун жаны 5жыл солярка жыттанып турганын каалайт беленер?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан