Сауд Арабия Кыргыз өлкөсүнө ажылык сапар үчүн 5400 квота берди

Сауд Арабия Кыргыз өлкөсүнө ажылык сапар үчүн 5400 квота берди. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

"Кыргыз мусулмандарынын дин башкармасы 2018-жылдагы ажылык иштерге даярдыктарды көрүп, ажылык иштерин электрондоштуруу максатында жарандарга биометрикалык паспорттун негизинде каттоо жүрө тургандыгын эскертип, биометрикалык паспорт алууга чакырат", - деп айтылат муфтияттын маалыматында.

Айта кетсек, 2017-жылы Сауд Арабиясынын Ажылык министрлиги Кыргыз мамлекетине 4885 квота бөлүп берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
maks1980bishkek
2018-01-18 14:29:38
Оо кудай бизге да насип этсин Меккени зыярат кылуу.Оомийн
+5
Muslim_KGstana.
2018-01-18 14:39:35
Оо квота кобурок берилгенго,жакшы болуптур.
+3
aitowa11
2018-01-19 00:27:32
Жакшы экен. Ажыга баруу ар бир пендеге Насип кылсын.
+2
Suzak12
2018-01-19 01:00:10
aitowa11,Амин Ким билет быйыл канча сомдон болот барып келген жолкиреси билгендер болсо жазып койсонор сураныч
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан