ЖЫЛНААМА, 19-ЯНВАРЬ: Ырчы Бегимай Карабаева: "Туулган күнүм менен биринчилерден болуп сүйгөнүм куттуктап келди"

Бүгүн, 19-январда ырчы Бегимай Карабаева 30 жашка толду. Ырчы айым SUPER.KG порталына туулган күнү менен биринчилерден болуп сүйгөн адамы куттуктаганын билдирди.

"Убакыт өткөн сайын тынч жашоону каалап калат экенсиӊ. Туулган күнүмдү эч кимге деле белгилейм деп айткан жокмун. Буга чейин ар жылы сахналаш досторум менен Бишкекте белгилечүмүн. Быйыл Баткенде апамдын жана кыздарымдын жанында белгилеп жатам. Белектерди бир ай мурун эле өзүмдүн сүйгөн адамымдан жана апамдан алып койгом. Түнкү саат 00:00дө сүйгөнүм туулган күнүм менен биринчилерден болуп куттуктап келди. Ал гүл бергенди жактырбайт. Себеби "гүл тез эле соолуп калат" деп жашоомо керектүү, өзүмө жаккан белекти алып берди. Ал экөөбүз бүгүн мени жарык дүйнөгө алып келген апама белек алдык", - деди Бегимай Карабаева. Ырчы апасы жана иниси менен

Бегимай Карабаева 1988-жылы 19-январда Баткен шаарында жарык дүйнөгө келген. 2004-жылы Баткендеги В.И.Ленин атындагы орто мектепти бүтүрүп, Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Эл оозуна "Баёо сезим", "Жалгыздык", "Адашпайм" деген ырлары менен алынган. Мурунку жолдошунан эки кызы бар.

19-январдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Paprikafm
2018-01-19 13:24:53
Куйоосу менен ажырашкан элего, жигити бар бекен
+1
raykray
2018-01-19 14:05:00
Paprikafm,ооба ажырашкан-уй булоосун эмес артистигин тандап уйдо-отуруп-стресс болуп-кочого чыктыле?! Буга эмне кк деймда жигит жалдап ырчылык тандагандан кийин
0
bermet104
2018-01-19 13:28:08
1990-ж болуп жүрчү эле го
0
Siren90
2018-01-19 13:38:17
Суйгонум дей бериптир го улам эле
+7
sladkaja_konfetka
2018-01-19 14:11:22
Че то ушул ажырашкан айымдар уй-булолуу жигиттерди "СУЙГОНУ" кылып алышчу эле...
же бойдок жигит менен суйлошобу, 2 баласы менен?
+6
dastan_nookat
2018-01-19 14:11:25
Кутуктайм туулган күнүңүз менен!
0
Djal1987
2018-01-19 16:31:57
Суйгонум деп алыптыр го картайганда эки баласы менен.
+5
Aznazalai
2018-01-19 17:11:06
Бактылуу бол суйгонун менен
+1
Cleo-13
2018-01-19 18:16:53
Куттуктаймын Бегимай!
+2
Cleo-13
2018-01-19 18:18:01
86 элего бул
0
Darika2017
2018-01-19 20:42:08
88 болбосо керек, бир кыз бир уулу бар эле го? Суйгонум дебей эле койбоптур, ХХХХХХХХХ
+1
kanybek1986
2018-01-19 22:52:30
1986 жылкы бул кыз
+1
advokat.nur
2018-01-20 18:05:14
Мурун жакчу,эмнегедир ушу суйгонум дегенинен женил ойлуу окшойт деген ой калып калды.
0
admin_superstan
2018-01-22 11:04:11
ksb, адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан