Жети-Өгүз жана Сузак районунда болуп өткөн митингдерде аткаминерлердин жасаган аракеттерине баа берүүчү ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу ЖКнын 6-июндагы жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Айтымында, комиссиянын курамына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен, Ички иштер министрлигинен жана башкы прокуратурадан өкүлдөр кирди. “Башкы прокуратура комиссиянын ишин көзөмөлдөйт”,- деп кошумчалады өкмөт башчы.