Ысык-Көл облусунун Тоң районунда айдап-себүү иштери жыйынтыкталууда. Тоң райондук администрациясынын агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын маалыматына ылайык, айдап-себүүгө пландалган 10540 гектар жердин 10314 гектары айдалып, эгин себилди. Белгилей кетсек, жазгы айдап-себүү иштерин өз учурунда бүтүрүү үчүн райондук администрациянын токтому кабыл алынып, атайын штаб түзүлгөн. Аталган иштерге 70 даана трактор, 34 даана үрөн сепкич техникалары иштеген.