Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Мамажан айылында таза суу жок, айыл эли ичүүчү таза сууну ташууда түйшөлөт. Билдирүүнү окурман бүгүн, 20-январда "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу жөнөттү.
Маалыматка ылайык, алыстан суу ташуу көпчүлүк үй-бүлөлөр үчүн чоң түйшүктү жаратууда. Өзгөчө кышкысын көчөлөргө муз тоңуп, аны алыстан алып келүү эл үчүн ыңгайсыз.
"Айыл эли ичүүчү таза суунун түтүктөрүн оңдоп, суу чыгаруу аракеттерин көп эле жасап көрдү, бирок жыйынтык чыккан жок. Айылда 2 миңдей тургун жашайт, 2 эле жерден таза суу чыгат. Кээде ал жерде да суу токтоп калып, башка айыл, шаарлардан алып келүүгө туура келет. Кээ бир үй-бүлөлөрдө унаа, ташып келүүчү жаштар жок болгондуктан суудан абдан кыйналат", - деп жазат окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.