Кыргызстандык 2 сот Ашхабадда өтчү семинарга катышат

Бүгүн Түркмөнстандын Ашхабад шаарында "Транзит өлкөлөрү, адамдарды сатуу жана мигранттарды мыйзамсыз ташып келүү тууралуу сот иштерин кароо тармагында тажрыйба алмашуу" деген аталышта эл аралык семинар башталат. Аталган иш-чара 20-21-ноябрда өтөт, уюштуруучусу - БУУнун Борбор Азиядагы Баңгизат жана кылмыштуулук башкармалыгынын аймактык өкүлчүлүгү. Семинарга Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Бокоев Каныбек жана Бишкек шаардык сотунун судьясы Дүйшөнбекова Гүлнара катышат. Каныбек Бокоев адамдарды сатуу жана мыйзамсыз миграция тууралуу доклад жасайт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан