Дональд Трамп дүйнөдөгү эң кооптуу мамлекетти атады
АКШнын президенти Дональд Трамп дүйнөдөгү эң коркунучтуу мамлекетти атады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.
Дональд Трамп дүйнөдөгү эң коркунучтуу деп Мексиканы атап, шайлоо алдында берген убадасына тура турганын билдирди. Анын ою боюнча, Америка менен Мексиканын чек арасына чеп куруу керек. Ошол чеп гана Америкага Мексикадан келип жаткан баңгизаттардын санын азайтат.
"Дүйнө жүзүндөгү эң кооптуу деп эсептелген Мексикадан келип жаткан баңгизаттарынын санын азайтуу үчүн чеп куруш керек", - деп жазган президент өзүнүн билдирүүсүндө.
Буга чейин президент эки өлкөнүн ортосуна салына турчу чептин долбоорун иштеп чыгууну тапшырган. Трамптын ою боюнча, бул чепти курууга 20 миллиард доллар керектелет жана бул акчаны Мексика төлөшү керек.