Жантөрө Сатыбалдиев: "Ысык-Көлдүн мурунку губернатору митинг учурунда Саруу айылынын тургундары чакырса барбай койгон"

6-июндагы парламент жыйынында депутат Урмат Аманбаева митингдерге байланыштуу эмне үчүн Жалал-Абад облусунун губернатору иш ордунда калып, Ысык-Көл облусунун губернатору иштен кеткендигине кызыкты. “Жалал-Абад облусунун жетекчиси өзүнүн бийлигин тарттырып жибергени алсыздык”,- деди ал. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев митингчилердин Жалал-Абад облусунун губернаторуна эч кандай нааразычылыктары жок экендигин билдирди. “Ош-Бишкек жолун тоскондор дагы, обладминистрациянын алдындагы митингчилер дагы Жалал-Абад облусунун губернаторуна нааразы эмес, иштей берсин дешти. Мен "обладминистрацияны ачкыла" дегем, болбосо сындырып, өрттөп салышмак, ошондуктан губернатордун иштегенге толук түрдө акысы бар. Ал эми Ысык-Көл облусунун губернатору Саруу айылынын тургундарынын талаптарын чечкен эмес, алар чакырса барбай койгон”,- деп түшүндүрдү өкмөт башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан