ЖЫЛНААМА, 21-ЯНВАРЬ: "Быйыл туулган күнүмдү белгилебейм деп чечтим" дейт 30 жашка толгон Ильяз Абдыразаков

"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2006-жылдын мыкты аранжировщиги", "2010-жылдын супер ырчы мырзасы", "2011-жылдын сахна адамы" наамдарынын ээси, эстрада ырчысы Ильяз Абдыразаков бүгүн, 21-январда 30 жашка чыкты.

Ырчыны туулган күнү менен куттуктап чалганыбызда бүгүн туулган күнүн белгилебей тургандыгын айтып өттү.

"Негизи туулган күнүмдү аябай деле белгилебейм. Бул күнү дайыма үй-бүлөмдүн, жакын досторумдун жанында болгонго аракет кылам. Бүгүн 30 жашка толдум. Бирок быйылкы туулган күнүмдү белгилебейм деп чечтим", - дейт ал.

Ильяз Абдыразаков Баткендин Кызыл-Кыя шаарында туулган. Ыр дүйнөсүнө кызыгуусу ата-энесинен өткөн. Анткени экөө тең музыкага жакын адамдар болгон. Атасы гитарада жакшы ойносо, ал эми апасы убагында мектепте музыкадан сабак берген.

Ильяз кичинесинен ыр жандуу болуп, өз алдынча обон чыгарууга аракеттенип жүргөнүн маектеринин биринде айтканы бар. Ошол кызыгуусу түрткү болуп, 6-класстан баштап аранжировка жасаганга аралаша баштаган. Бир концертте аранжировщик Мирлан Ниязов менен таанышып калып, аны ээрчип шаарга келе берген. Ошентип аранжировка боюнча алгачкы сабактарды ал адамдан алат. Кийин Мирбек Атабеков, Азиз Жетигенов менен "Санат" тобунда иштеп, ырдап калат. Топко караганда жеке чыгуу оңой экенин байкап, өз алдынча иштей баштаган. Ошентип өз өнөрү менен көптөгөн хит ырларды жараткан Ильяз Абдыразаков кыргыз эстрадасында өз ордун таап, атагы коңшу өлкөлөргө да тарады.

21-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rasul94
2018-01-21 15:31:03
туулган кундорун деле чон жанылык кылып чыгыша берет экен да ырчылар
+1
raykray
2018-01-21 15:41:16
Туулган кунун мн ишине ийгилик, жакшы кылыпсын той той кылбай
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан