SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу 1-Май айылынын Абдыкалык Маматов аттуу тургуну кайрылды.
Тургундун айтымында, социалдык фондго төлөнгөн төлөмдөрдүн квитанцияларын жоготуп алган. Социалдык фонддун аталган райондогу башкармалыгы Маматовдун 7 миң сомдон ашык карызы бар экенин айткан. Тургун бул жаңылыштык экенин билдирип, соцфонддун кызматкерлеринен өздөрүндөгү каттоодон издеп көрүүсүн өтүнгөн. Бирок алар андан төлөмдөр тууралуу квитанцияларды талап кылып жатканын айтат.
"Биз адамбыз, түрдүү абалга байланыштуу төлөмдөр тууралуу квитанцияларды жоготуп коюшубуз мүмкүн. Жашым 60тан ашып, жыл сайын ооруканага жатканга туура келет. Буга байланыштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу аныктамасын алууга мажбур болдум. Ал үчүн социалдык фонддо карыз болбош керек дегенинен райондук соцфондго барсам мени 1996-жылдан берки карыздарың бар деп квитанция сурап жатышат. Мен аларга 2017-жылга чейин бардык салыктарды төлөп келгенимди айтканым менен далилдей албай жатам. Жетекчисине чейин кирдим, бирок квитанция керек деп жатышат. Менин төлөмдөрүм райондук бөлүмдө катталбайбы? Жаран квитанцияларын жоготсо да соцфонддо маалыматтар болуш керек да же жоготкондун баары карыз болобу?" - деп жазган тургун.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.