Өткөн жылдын эң начар актёр, актриса жана тасмаларын аныктаган "Алтын малина" антисыйлыгына талапкерлердин тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, "Алтын малина" антисыйлыгынын уюштуруучулары 2018-жылдагы иш-чараны адамга жана айлана-чөйрөгө коркунуч туудурган элементтерге каршы күрөшүүгө арнаган.
"Эң начар актёр" наамына "Мумия" тасмасындагы ролу үчүн Том Круз, "Элүү түскө күңүртүрөөк" тасмасында жараткан образы үчүн Жейми Дорнан, ал эми Жонни Депп "Кариб деңизинин каракчылары: Арбактар жомок айтпайт" тасмасындагы ролу үчүн сунушталса, "Эң начар актриса" наамына Дакота Жонсон "Элүү түскө күңүртүрөөк", Эмма Уотсон "Чөйрө" фильмдериндеги ролдору үчүн сунушталса, актёр Тайлерр Перри "Мэдеинин Хэллоуини 2" тасмасында аялдын образын жараткандыгы үчүн сунушталган.
Ал эми "Эң начар тасма" номинациясына "Эмоджи тасма", "Трансформерлер: акыркы баатыр", "Элүү түскө күңүртүрөөк", "Мумия", "Малибу куткаруучулары" тасмалары сунушталган. Жыйынтык 2018-жылдын 3-мартында аныкталат.
"Алтын малина" - антисыйлыгы 1981-жылы америкалык Жон Уилсон тарабынан уюштурулган. Сыйлык жылдын эң начар актёру, актрисасы, тасмасы, режиссёру, тасмага жазылган музыкасы номинацияларында тапшырылат.