“Биздин мамлекетке, кыргыз элине тынчтык, ынтымак, сабырдуулук керек”,- деди төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн, 6-июнда ЖКнын жыйынында. Айтымында, өлкөдөгү баш аламандыкты уюштургандар жазаланышы керек. “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып биргелешип иштешибиз зарыл. Айрымдар мыйзам бузгандарды баатыр кылгылары келип жатышат. Мыйзамды тепселегендерди баатыр кылганды токтотолу, баары жазасын алышы керек. Иштөөгө убакыт келди, иштейли”,- деди төрага.