Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт унаа жолу” жана “Эркечтам унаа жолу” өткөрүү пункттары 8-июндан 16-июнга чейин жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Бул чектөө кытайлыктардын салттуу Дуаньу майрамын белгилөөсүнө байланыштуу болот.