Бүгүн, 6-июнда ЖКнын жыйынында Кыргызстанда түзүлгөн кырдаал жөнүндө премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин маалыматы угулду. Өкмөт башчы өз сөзүндө Жети-Өгүздө болуп өткөн окуя, Бишкек-Ош жолунун Жалал-Абад аймагынан тосулушу боюнча хронологиялык түрдө маалымат берди. Премьер-министрдин пикиринде, Жети-Өгүз менен Сузактагы окуялар жергиликтүү бийлик менен борбордук бийликтин ортосундагы тыгыз кызматташуунун жолго коюлбагандыгынан болду. Буга байланыштуу, район менен облус жетекчисине тиешелүү ыйгарым укуктарды берүү боюнча мыйзам долбоору парламентке сунушталат. Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү окуялардын уюштуруучуларын аныктоо менен аларга чара көрүү маселесин коюшту. Депутаттардын суроолоруна премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү, башкы прокурор Аида Салянова, ички иштер министри Абдулда Суранчиев, УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиев жооп беришти. Талкуунун жыйынтыгында Кыргызстанда түзүлгөн кырдаал жөнүндө премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин маалыматы эске алынды.