Бүгүн, 7-июнда саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектеги Ак-Өргөө конушунун Өгүз-Ата, Алтын-Бакан көчөлөрүндө, Сыдыков көчөсүндөгү № 290, 224-көп кабаттуу үйлөрдө, К.Акиев көчөсүндөгү №72-көп кабаттуу үйдө, Арзамасский, Сельсовет, Үч-Коргон, Жаш Гвардия, Кудрук көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Чүй районундагы Кегети, Чапай, Арпатектор, Плохотник айылдарын, Сокулук районундагы Комсомол айылында электр энергиясы менен камсыз кылуу убактылуу токтотулат. “Түндүк электр” ишканасы билдиргендей, бул чектөөлөр тиешелүү көмөк чордондорду оңдоо иштерине байланыштуу болот.