Владимир Путин жубайы менен ажырашты

Орусиянын президенти Владимир Путин аялы Людмила Путина менен ажырашты. Бул тууралуу алар "Россия-24" телеканалына берген маегинде жарыялашты. “Биз дайым жакын адамдардан болуп кала беребиз. Владимир Владимировичке ыраазымын, мени азыр деле колдоп жатканына. Акыркы убактарда биз бири-бирибиз менен көрүшпөй деле калганбыз, балдарыбыз чоңойду, айтор, ар ким өз жашоосу менен алек болуп калган. Ажырашуу экөөбүздүн тең чечимибиз, никебиз бүттү. Биз цивилизациялуу жол менен ажыраштык”,- деди Людмила Путина. Ал эми Орусиянын мамлекет башчысы: Бул биздин жалпы чечимибиз. Менин ишмердигим, жумушум түздөн түз эл алдына болууга байланышкан. Бул бирөөгө жакса, кимдир бирөөгө жакпайт. Людмила Александровна андайды жактырбайт. Ал 9 жыл жоопкерчиликтүү милдетти аткарды”,- деди.  

 

Ал эми балдары тууралуу Путин: "Алар Орусиядан билим алышты жана такай Орусияда жашашат",- десе, Людмила Путина "Биз балдарыбызды сүйөбүз, алар менен сыймыктанабыз жана ар дайым көрүшүп турабыз",- деди. Белгилей кетсек, Владимир Путин менен Людмила Шкребнева 1983-жылы баш кошкон. Экөөнүн 1985-жылы туулган Мария жана 1986-жылы туулган Екатерина аттуу 2 кызы бар. Ошондой эле массалык маалымат каражаттарында буга чейин Путин менен Мамлекеттик Думанын депутаты, 30 жаштагы Алина Кабаеванын жакын мамилеси бар экендиги тууралуу айтылып келген.

Владимир Путин жубайы менен ажырашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан