Москва шаарындагы “Байланышта” аттуу борборго 1 айда 150 кайрылуу келип түшкөн. Аталган борбордун жетекчиси Асилбек Эгембердиевдин айтымында, кайрылгандардын 50 пайызы жумуш издеп, 40 пайызы легалдашуу боюнча, ошондой эле Орусиянын жарандыгын алуу жана башка маселелер боюнча жардам сурашкан. “Документсиз жүргөн жердештер көп, көпчүлүгү өздөрү үйлөрүнө таштап коюшат, себеби легалдуу эмес, ал жарандарды биз элчиликке жөнөтөбүз же башка жолдорун айтып жардам берүүдөбүз. Биздин жарандар маалыматтын жоктугунан Москвада жана Орусиянын ар кайсы шаарларында көп жаман окуяга учурап кыйналып жүргөндөрү анык. Бизге кайрылгандарга колубуздан келген жардамдарды берип жатабыз”,- деди Эгембердиев. Эске сала кетсек, бул борбор кыргыздардын укуктарынын корголушу, каза болгон адамдын сөөгүн жеткирүү, жумушка мыйзам чегинде орношуу сыяктуу актуалдуу маселелер боюнча маалымат берет. “Байланышта” борбору менен +7 (495) 544-38-28 номуру аркылуу байланыша аласыз.