Бүгүн, 7-июнда Бишкек шаардык сотунда депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча кезектеги сот жыйыны башталды. Анда жактоочу Азимбек Бекназаров “сот ишин бир аптанын ичинде 2 ирет өткөрүп турбасак, жер-жерлерде нааразычылыктар күчөп жатат” деген пикирин айтты. Буга айыпталып жаткан депутаттар, мамлекеттик жана коомдук жактоочулар да макул болушту. Бекназаровдун сунушу кабыл алынды.