Гүлмиза Сейиталиева: "Кыргызстанда азыр бийлик үчүн күрөш жүрүп жатат"

“Кыргызстанда азыр бийлик үчүн күрөш жүрүп жатат. “Кумтөр” өлкөдө көптөн бери келе жаткан көйгөйлүү маселелердин бири. Бул компания боюнча түзүлгөн келишимди кайра карап чыгууну же денонсациялоону талап кылып жаткандары туура деп ойлойм, себеби “Кумтөр” Кыргызстандын кызыкчылыгына иштеши керек, байлыктын баары кыргыз элиники”. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Бишкекте өтүп жаткан тегерек столдо “Кыргызстан элдеринин союзу” партиясынын мүчөсү Гүлмиза Сейиталиева билдирди. Айтымында, “Кумтөргө” тиешелүү экономикалык мүнөздөгү бул маселелер бийликке тиешелүү көптөгөн иштердин куралы болуп калып жатат. “Бүгүнкү тегерек столдун негизги максаты – президентти, өкмөттү, парламентти жана бардык оппозициялык күчтөрдү, анын ичинде жергиликтүү калкты жалпы улуттук диалогго чакыруу болуп эсептелет. Себеби бул диалог бизге бүгүнкү күндө абдан керек”,- деди Сейиталиева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан