2012-жылкы Ажылык сапарды уюштурууда муфтият 22 миллион сом киреше тапкан
2012-жылы Ажылык сапарды уюштурууда муфтият 22 миллион сом киреше тапкандыгын "Ата Мекен" фракциясынын 7-июндагы жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Октябрь Абдыкаимов айтты. Ал билдиргендей, бул акчанын бир бөлүгүнө шаардагы Чыгыш 5 кичи районунан батир сатып алууга жумшалып, ал жеке жактардын бирине катталган. Фракция жыйынында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын салыктарды мыйзамсыз чегерүү тууралу кайрылуусу каралууда.