Самара Каримова: "Мага "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамы декабрда эле тапшырылган"

Самара Каримовага "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" деген наам өткөн жылдын декабрь айында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан тапшырылган. Бул тууралуу ырчы бүгүн, 25-январда SUPER.KG порталына билдирди.

"Ошол учурда Өзбекстанга делегация менен кетип, күбөлүк менен төш белгини колго алганга жетишпей калгам. Бул наам чыгармачылыгыңа чоң стимул болот экен. Дагы да иштегим келип, жаңы ырлардын үстүндө изденүүдөмүн. Жакында Султан Раевдин "Илегилек" спектаклинде башкы ролдо ойнойм. Март айында концерттерим бар. Сулуулар сынагын өткөрөм. Учурда Ош улуттук драма театрында актриса болуп эмгектенем. Айлыгыма буйрук чыккандан бери 2500 сом кошулду. Буюрса, алдыда пландарым көп", - деди Каримова.

Буга чейин социалдык тармактарда ырчы Самара Каримова Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын албай калгандыгы тууралуу талкуу жаралган.

Белгилүү болгондой, өткөн жылы 30-августта мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен бир катар маданият кызматкерлерине мамлекеттик наамдар ыйгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (45)
nurbekasr
2018-01-25 10:45:49
Самаш элге эрте эле жарыя кылып мактанып жиберипсин да,жок дегенде бир жыл коё турсаң болмок экен.Эми бул (эптеп)алган сыйлыгыңан дагы кол жууп калба.Негизи сыйлыкты тааныш билиш акчага эле алдың да сөздүн ачыгы Самара.
+7
guli-1980
2018-01-25 10:51:47
Эмгек синирген артист наамы мн 50% кошулчу айлыкка. Ошондо 5000 эле айлык алат белен?
-3
Дарыгер
2018-01-25 11:18:04
Озунордун колунардан эч нерсе келбейт. Баарын сынчысынар. Сындагандар Озунор жонундо ойлоп кордунорбу. Торт адамдын алдына чыгып ондуу суйлой аламбы деп. Бул ырчы эле эмес актриса дагы.
-7
moskoy
2018-01-25 22:53:53
Дарыгер,эл алдына чыгып ырдап чоордоп ,актриса ,кино актриса болгондор тоолтура.Бул жерде элге эмгек синиргендиги туралуу болуп жатат.
+1
admin_superstan
2018-01-25 11:35:04
amirrus, Too-tash, luuntik, адамдын кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга, анын дарегине далилсиз маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
Jesha_007
2018-01-25 11:35:15
Азыр заманда акчан болсо,ырчысын,акчан болсо,мээн пустой болсо да жетекчисин боло берет баардыгы,наамдардын да баркы кетип бутту
+4
tmttmt
2018-01-25 11:40:47
Абдылда Иманкулов
Рахман Разыков
Тынарлар алса кол чабат элем
аларга берилбей калды бир болсо
Күмөндөргө беришкенда неге буларга берилбейт
ачык айтып сүйлөгөндөрүнөда ээ
+7
Adiletia
2018-01-25 12:56:07
tmttmt, тынарга суутуп коюптурбу
-1
Ali_Bolotbek
2018-01-25 13:33:12
Жазында бир айга созулган концерти башталат турбайбы буюрса☺
+6
Malik92
2018-01-25 14:53:15
Ali_Bolotbek,Элге зордоп билет сатмай башталат экенда.Кааласак да каалабасак да билетке акча даярдап коюшубуз керек турбайбы.
+3
Paprikafm
2018-01-25 13:47:01
Алсан жакшы болуптур, сандыка катып кой тартып ала элегинде
-3
Danielim2008
2018-01-25 15:23:57
Пулун болсо танкасын,пулун болбосо манкасын дегендей папашкасынын авторитети ,акчасы ,анан калса падхалимствосу менен жетишкени чындык.Такыр эле таланты жок деген да болбойт он процент талант,токсон процент акча тааныштык чындык созум учун чычалабай эле койгула
0
Kirajsjk
2018-01-25 18:33:32
Мен дагы Гулдигит сатыбеков алганда аябай суйундум....чындыгында татыкту..Бек Сыймык анан Гулжигит саьыбеков.
+1
Kirajsjk
2018-01-25 18:34:02
Самара кече эле чыгып алып...акчанын кучу менен алды...
+6
aiman1983
2018-01-25 19:23:44
Кантсе да конулго жага турган 5-6 ыры бар. Адамдар позитивдуу бололучу, колунан келсе ала берсин. Бизди кубантып жакшы ырларды жарата берсин
-1
nazira...
2018-01-26 11:26:19
Аттин, канча жылдан бери иштеп, ырдап оз кучу менен жургондор калып калып, коз коруно кантип берип койушту экен буга. Берсе ала берет да нары жакта асанчалы бутуруп койсо баарын. Ошо Асанын эртен эле олот,анан жашын кармайт да кучойт дагы бу катын.
+1
nureles70
2018-01-26 18:35:45
nazira.. Бироого олум тилегенче озуно омур тиле, ушунчалык ичи тар адамдар болот экен. Бироонун ийгилигин коро албаган.
-1
Azatbek83
2018-01-26 21:01:09
Бул ким? Сатып алдым деп мактанып жатабы?Бекер берсе да албаш керек себеби баркы деле калбады!Иттерге мышыктарга эшектерге да беришсе тан калбайбыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан