Ош шаарында бир катар каржы жана экономика кызматкерлери сыйланды
Бүгүн, 7-июнда Кыргызстандын каржы жана экономика кызматкерлеринин күнүнө карата Ош облустук администрациясында бир катар кызматкерлерди сыйлоо аземи болуп өттү. Айта кетсек, кесиптик майрамында Араван райондук казына бөлүмүнүн адиси Ибрагим Кайназаров, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө караштуу Тышкы экономикалык байланыштар комитетинин төрагасынын орун басары Кантөрө Турдубаев, Өзгөн райондук администрациясынын экономика, өнөр жай жана айыл чарба тармагы боюнча бөлүм башчысы Майрамбек
Калил уулу
жана башкалар сыйланды.