ЖЫЛНААМА, 25-ЯНВАРЬ: Диктор Гүлжан Кулмамбетова: "Туулган күнүмдү шапар тээп майрамдабайм"

"Ала-Тоо" программасынын алып баруучусу Гүлжан Кулмамбетова бүгүн, 25-январда 43 жашка чыкты. Теле жылдызынын туулган күнү менен куттуктап, ага байланышка чыкканыбызда туулган күнүн үй-бүлөсү менен белгилей тургандыгын айтты.

"Биринчиден, мени жарык дүйнөгө алып келген апама, бүгүнкү туулган күнүм менен куттуктап жаткан бардык адамдарга рахмат айтам. Бирок мен туулган күнүмдү шапар тээп, өтө деле майрамдабайм. Бул күндү жолдошумдун, балдарымдын кашында өткөрөм", - деди диктор айым.

Гүлжан Кулмамбетова 1975-жылы 25-январда Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. 1999-жылдан бери Коомдук биринчи каналда эмгектенип келет. Учурда 5 баланын энеси.

25-январдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Man87
2018-01-25 15:09:31
Гулжан эже туулган кунунуз куттуу болсун.Иштеринизге ийгилик
+2
Medinaa
2018-01-25 15:35:44
Кут болсун!Жаш кезде ушул эжедей болгум келчү.Азыр деле!
0
Baatirbek81
2018-01-25 16:42:19
Туулган күнүңүз менен!!! Беш баланын убайын көрүңүз жаш көрүнөт экенсиз.
0
aiman1983
2018-01-25 19:18:36
Бакыт, бакыт, бакыт. Бактыныз Дордойдон да бийик болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан