Ош шаарында Июнь окуясынын 3 жылдыгын эскерүүгө 120 миң сом бөлүндү

Ош облусундагы бардык райондордо каргашалуу Июнь окуясынын 3 жылдыгы эскерилет. Жер-жерлерде окуяда каза болгондордун арбагына багышталып куран окулуп, алардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу обладминистрациянын басма сөз кызматы билдирди. 9-июнь күнү өкмөттүн облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков "Ош шейиттери",  "Өчпөс от", "Дайынсыздар" коомдук бирикмелери менен биргеликте шаардагы Июнь окуясында каза болгондорго арналган куран окутууга катышат. Бул иш-чараны өткөрүү үчүн облустук бийлик тарабынан 120 миң сом бөлүндү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан