КҮНСЕРЕП: Сот реформасына бөлүнгөн миллиондор 3 эсе өстү. Адилеттүүлүк да 3 эсеге өстүбү?

Бүгүн, 26-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Парламентте "Республика-Ата Журт" фракциясы өлкөдөгү сот тармагынын абалын талкуулады. Жыйынга чакырылган Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева келген жок. РАЖдын депутаттары сот реформасы ишке ашпаганын айтышты. Депутат Кенжебек Бокоев журналисттер гана эмес, депутаттар да сөз сүйлөөдөн коркуп калышканын билдирди. Мыйзам чыгаруучу, башка бийлик бутактарынын ишин көзөмөлдөөчү парламент сөз эркиндигинен айрылып бара жаткандыгын моюндай баштады. Эркин басылмаларга, журналисттерге миллиондук доолор менен кысым башталганда парламент көзөмөлдөөчү функциясын аткарганда, балким, бүгүн мындай сөздөр айтылмак эмес. Ошентип сот реформасын ишке ашыруунун канчалык зарыл экендигин, сөз эркиндигин жоготуп алуу коркунучу бардыгын Жогорку Кеңештин депутаттары эми сезе башташты.

Өлкөдө 2010-жылкы жүзгө жакын адамдын өмүрүн алган революциядан кийин бийликке келген топтун жалындуу ураандарынын бири соттук реформа жасоо эле. Кыргыз жеринде бийликтен көз карандысыз, адилеттүү соттук системди түзүү убадасы берилген. Арадан 7 жыл өтсө да бул убада ишке ашырыла элек. 2017-жылы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров сот реформасы боюнча 2010-жылкы үмүт акталбаганын, судьялар дале бийликтен көз каранды болуп жатканын сындаган. Жогорку Кеӊештин 24-январдагы жыйынында депутаттар Исхак Масалиев менен Рыскелди Момбеков өлкөдө сот адилеттүүлүгү жок, судьялар берилген буйрукка жараша чечим чыгарып жатышат деп сынга алышты.

Азыркы тапта сотторду көз карандысыз коллегиалдуу орган деп саналган Судьяларды тандоо кеӊеши тандайт. Ал эми Судьяларды тандоо кеӊешинин курамы Соттор кеӊеши, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик азчылык тарабынан шайланат. Судьялар көз карандысыз гана эмес жоопкерчиликтүү да болууга тийиш. Алардын жоопкерчилигин ким карап жатат? 2017-жылга чейин сотторду тартип жоопкерчилигине тартуу функциясы Соттор кеңешинде эле. 2017-жылы жайында күчүнө кирген жаӊы мыйзамга ылайык, судьялардын жоопкерчилигин аталган кеӊешке караштуу Тартип комиссиясы карайт. Тартип комиссиясынын мүчөлөрү президент, Жогорку Кеӊеш жана Соттор кеӊеши тарабынан сунушталып куралат. Андыктан эксперттер Тартип комиссиясын “судьяларды бийликке көз каранды кылган орган” деп аташат.

Убагында соттук реформа жүргүзүү аракетинин башында турган Роза Отунбаева, Данияр Нарымбаев өӊдүү саясатчылар былтыр чуулуу саясий-соттук процесстерге катышып, бул тармакта эмне иштер болуп жатканын өз көздөрү менен көрүштү. Бул реформаны ишке ашырмакчы болгон Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болгон Өмүрбек Текебаев сот тармагындагы “реформа” эмне жыйынтык бергенин өз жон териси менен сезди. Алардын баары бир ооздон “соттор көз карандысыз, өз алдынча эмес турбайбы” дешти.

Туура эмес өкүм, чечим чыгарды деп жоопкерчиликке тартылган соттор жокко эсе. 2011-2014-жылдар аралыгында өлкөдө 400 судья кызматка дайындалса, 1 гана судья иштен айдалган. Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун лидери экени коомчулукта, саясий чөйрөдө дамамат айтылып жүрөт. 2013-жылы сот Көлбаевди 1 гана берене боюнча күнөөлүү деп таап, калган беренелер, анын ичинде "уюшкан кылмыштуу топ түзүү" беренеси боюнча актап жиберген. Ага карабай ИИМ "Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү" деп кылмышка шектүүлөрдү бүгүнкү күндө деле кармап жатат. Лидерин актап, "чабактарга" каршы күрөш жүрүүдө.

Окшош окуяларда 1 эле мыйзамдын эки башкача иштегенин ачыктаган фактылар көп. Мисалы, Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп айыпталып 7 жылга соттолгон. Ушундай эле берене боюнча айыпталган экс-чиновник Искендер Айдаралиевге жакында 5 миллион сом айып салынды.

Сезилерлик жыйынтык көрүнбөгөн сот тармагына өлкө бюджетинен бөлүнгөн акча жыл сайын өсүүдө. Мисалы, 2013-жылы 535 миллион сом, 2014-жылы 888 миллион сом, 2015-жылы 985 миллион 5 миң сом, 2016-жылы 1 миллиард 139 миллион сом, 2017-жылы 1 миллиард 339 миллион сом бөлүнгөн. Каржы министрлигинин билдиришинче, 2018-жылга 1 миллиард 622 миллион сом каралды. Бөлүнгөн акча 3 эсе өскөн, ал эми сот адилеттүүлүгү 3 эсе өстүбү? Тармактагы коррупциянын деӊгээли 3 эсе азайдыбы?..

Борбордук Азия мамлекеттеринин лидерлери Астанада биринчи жолу расмий саммит өткөрөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Тажикстандын "Азия плюс" маалымат агенттиги жазып чыкты. Саммит быйыл мартта Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин төрагалыгы астында өтмөкчү. Бул иш-чара Борбордук Азия өлкөлөрүнүн алакасын чыӊдап, жаӊы биргелешкен долбоорлорго старт берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деген пикирлер айтылууда.

2017-жылы сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында Өзбекстан президенти Шавкат Мирзийоев Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери тез-тез жолугуп, иштешүү үчүн жаӊы аянтча керектигин айтып чыккан. Калган өлкөлөрдүн лидерлери дагы мамилени бекемдөөгө кызыкдар. Президенттик кызматка жаӊы киришкенде Сооронбай Жээнбеков башкы максаттарынын бири деп коӊшулар менен мамилени бекемдөөнү атаган. Жээнбеков 2 айдын ичинде алгач Өзбекстанга, Казакстанга расмий сапар менен барууга үлгүрдү. Жакында расмий иш сапары менен Тажикстанга барары күтүлүүдө. Бир жагынан Кытай, экинчи жагынан Орусия өңдүү дүйнөлүк ири державалардын ортосунда жайгашкан Борбор Азиялык мамлекеттер биргеликте дал ушул географиялык ыңгайлуу жайгашуу абалынан пайда көрсө болот. Эксперттер Борбор Азия мамлекеттеринин алака-катышынын жакшыруусу чек ара, миграция, энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү чечүүнү жеӊилдетип, өнүгүүгө шарт түзөт дешет.

Мисалы, Кыргыз жеринде Камбар-Ата 1 ГЭСин курууга Өзбекстан көп жылдан бери каршылык көрсөтүп келген. Бул долбоор боюнча Кыргыз мамлекети менен Өзбекстан былтыр гана тил табышып, ГЭСти биргеликте куруу пландары айтыла баштады. Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушунда чектелип калган кызматташтыктар жаңы президентинин тушунда жандана баштады. Ушундай толкунду туруктуу кармап калуу, аймакты өнүктүрүү үчүн аймактагы лидерлердин бир столго чогулушу маанилүү...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан