Өзбекстандын тургундары кайрадан чек ара көзөмөл өткөрүү бекеттеринде кезек күтүү көйгөйү жаралгандыгына нааразы болууда. Кезекке тургандар чакырымдык аралыкка жеткендигин, мындай абал Өзбекстан менен Кыргыз мамлекетинин жана Казакстандын чек араларындагы өткөрүү бекеттеринде орун алгандыгын жергиликтүү маалымат каражаттары жазган.
Тургундардын билдирүүсүнө таянып жазылган маалыматтар боюнча, акыркы 3-4 күндөн бери Өзбек-Казак чек арасындагы "Жибек-Жолу" көзөмөл өткөрүү бекетинде кезек күткөндөрдүн саны кескин өскөн. Мындай кырдаалдын жаралышына Казак тарап жарандарды өтө жай текшерип, өткөрүп жаткандыгы себеп экендигин билдиришкен тургундар.
"Казакстандагы базарда азык-түлүктүн баасы 30-40 пайызга арзан болгондуктан өзбекстандыктар ошол жактан азык-түлүк, керектүү буюмдарын сатып алууну эп көрөт", - деп жазылат маалыматта.
Муну менен менен катар эле ушундай жагдай Кыргыз-Өзбек "Достук" чек ара өткөрүү бекетинде да жаралгандыгы жазылган.
"Түнкү саат 2:30да чек арага келген жарандар Кыргыз өлкөсүнүн аймагына саат 17:00дө да өтө албай жатышат. Аскерлер өткөрмөнү жаап салышты. Миңге жакын адам суукта кезек күтүп турушат. Бул тууралуу биздин өлкө башчыбыз билеби? Элдин жашоо-шарты оңолду деп президент айтканы менен, чек арадагы өткөрүү бекеттериндеги абал бул. Чек арачылар элди кайрадан кыйнай башташты", - дешкен жарандар.
Айта кетсек, Кыргыз-Өзбек "Достук" чек ара өткөрүү бекети өткөн жылдын сентябрь айында ачылган. Анда эки өлкөнүн жарандары чек арадан өтүү үчүн кошумча документтерди даярдабай тургандыгы белгиленген.