2018-жылы сот системине 1 миллиард 622 миллион сом каражат бөлүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.
Депутаттар сот системине 5 жыл аралыгында канча каражат бөлүнгөнүн сурады.
"2013-жылы 535 миллион сом, 2014-жылы 888 миллион сом, 2015-жылы 985 миллион 5 миң сом, 2016-жылы 1 миллиард 139 миллион сом, 2017-жылы 1 миллиард 339 миллион сом бөлүндү", - деп жооп берди министр.
Учурда аталган фракциянын жыйынында сот реформасы жана анын жыйынтыктары тууралуу маселе каралууда.