Кыргызстанга жылына 10 миң авто унаа алынып келинет. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда парламенттеги “Ар намыс” фракциясынын жыйынында ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев билдирди. “Бишкек шаарынын көчөлөрү 40 миң автоунаага ылайык болсо, учурда шаардагы унаалардын саны 300 миңге жетти. Жолдун начардыгы, унаалардын эскилиги, техникалык жабдуулардын жетишсиздиги да жол коопсуздугу тармагындагы абалды курчутууда”,- деди Исаев.