Бишкекте Төрөкул Айтматовдун 110, Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгы белгиленет
Бишкекте 10-июнда саат 12:00дө "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде мамлекеттик
ишмер Төрөкул Айтматовдун 110 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өткөрүлөт.
Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын маалымат кызматы
билдирди. Ошол эле күнү саат 14:00дө Улуттук илимдер академиясында Төрөкул
Айтматовдун жаркын элесине жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган конференция өтөт.