“Бийликтин текеберчилигинен улам ушундай жагдайга кептелип жатабыз. Иштин бүтөрүнө 3-4 күн калыптыр. Ошондуктан бул депутаттардын баш коргоо чарасын өзгөртүп койгула”,- деди депутат Ахматбек Келдибеков “ата журтчу” 3 депутат боюнча өтүп жаткан сот жыйынында. Келдибеков кесиптештерин үй камагына чыгаруу керектигин айтты. Учурда сот отуруму улантылууда. Сот ишине төрагалык кылуучу 3-4 күндөн кийин иш каралып бүтө турганын айтты.