Казакстандын тышкы дүң карызын өлкө элине бөлсө, ар бир казакстандыкка 1540 доллардан туура келет

Казакстандын тышкы дүң карызы 2013-жылга карата 137 миллиард долларды түздү. Муну Казакстан Мажилисинин (парламент) жыйынында депутат Екатерина Никитинская маалымдап, бул каражатты калктын санына карата бөлө турган болсо, көп суммадан тийүүсү жагынан Казакстан КМШ өлкөлөрү арасында 1-орунда турарын айтты. "Бул көрсөткүч ар бир казакстандыкка 1540 доллардан туура келет. Ал эми Орусияда 1 жаранга 100 доллар, Беларусь өлкөсүндө 300 доллар, Украинада 1 жаранга 900 доллар туура келет",- дейт депутат. Казакстандын Эсептөө комитетинин маалыматы боюнча, тышкы карыз аталган өлкөнүн ички дүң продукциясынын 68,3 пайызын түзөт.      
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан