Бүгүн, 7-июнь күнү Жалал-Абад шаарында Экономика жана ишкердик университетинин 20 жылдыгына карата марафон болуп өттү. Ага белгилүү коомдук ишмерлер, билим берүү тармагында иштеген адистер жана башкалар катышты. "Бул ЖОЖду 20 жылдын ичинде 10250 студент бүтүрдү, учурда 5000дей студент билим алууда. Биз окуткан кадрлар көрүнүктүү жумуштарда иштешип, үмүтүбүз акталууда",- дейт окуу жайдын ректору Кантөрө Токтомаматов. Айтымында, марафондон түшкөн каражат окуу жайдын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, спорт комплексин курууга жана башка социалдык маанидеги долбоорлорго жумшалат.