Чүй облусундагы Токмок шаарынын кичи райондорунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилбей, балдар үшүп, ыйлап жатышат. Мындай маалыматты окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө жөнөткөн.
"Токмок шаарындагы кичи райондордогу көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берүү толугу менен токтотулду. Бийликтин кышка даярдыгы ушулбу? Кыш башталгандан бери эптеп жылымыш болуп турган батареялар катуу суук болгондон бери такыр эле муздап калды. Балдар үшүп ыйлап жатышат эмне кылышты билбей жатабыз, мындай абал үй-бүлөлөрдүн чатакташуусуна да алып келет экен. Балдар ыйлаган сайын менин шаштым кетип жатат", - деген билдирүүсүн жөнөткөн.
Окурман жылуулук берүү 28-январда токтотулгандыгын кошумчалады.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.