Асылбек Жээнбеков Кыргыз Улуттук агрардык университетинин 80 жылдык мааракесине катышты

Төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн, 7-июнда К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университеттин 80 жылдык мааракесине катышты. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын алкагында Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин салтанаттуу ачылыш аземи болду. Төрага окуу жайдагы музейдин "Ардактуу меймандар" китебине кол тамгасын калтырып, "Кыргыз Улуттук агрардык университети – жалпы улуттун сыймыгы! Эгемен Кыргызстандын билим берүү тармагын ансыз элестетүү мүмкүн эмес. Ал агрардык тармактагы адистерди даярдоонун башатында турган",- деди. Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен окуу жайдын бир катар окутуучулары сыйланды. Айта кетсек, бул окуу жайды Чыңгыз Айтматов, Таштанбек Акматов, Арстанбек Дүйшеев, Жумгалбек Аманбаев, Жамин Акималиев сыяктуу кыргыздын көрүнүктүү уулдары бүтүргөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан