Бүгүн, 29-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кыргыз өкмөтү кышка даярдык боюнча табияттын сыноосуна улам кабылууда. Аба ырайы акыркы бир нече күндө -20 градустан төмөн болору синоптиктер тарабынан эскертилген. Мындай учурда калкты жылуулук, электр энергиясы өңдүү эң негизги муктаждыктар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу өкмөттүн милдети болчу. Өкмөт ал милдетин аркалай албай жатат.
386 миллион доллар кредитке жаңыланган Бишкек жылуулук электр борборунда 4 күн ичинде эки ирет авария орун алды. Алгач 26-январь күнү кечке жуук от казандарда маселе жаралганы, андан улам борбор калаадагы баш-аягы 121 миңге жакын үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураганы белгилүү болду. Түнкү саат 23:30дар чамасында борбор калаанын башчысы Албек Ибраимов жана ЖЭБдин маалымат кызматынын өкүлү социалдык тармактардагы баракчаларында баш калаада жылуулук берүү боюнча маселе жаралганын жазып чыгышты. Алгачкы кабарларда абалдын канчалык олуттуу экендиги айтылбай, бир нече саат ичинде шаар тургундарын жылуулук менен камсыз кылуу кадимки калыбына келтириле тургандыгы жарыяланды. Бирок ЖЭБдин маалымат кызматынын “бир нече сааты” бир нече күнгө айланып, баш калаадагы үйлөрдө жылуулук 12-15 градустун тегерегинен көтөрүлбөй, айрым көп кабаттуу үйлөрдө үйдүн ичи сырттагы абадан айырмаланбай калды. Экинчи авария бүгүн орун алып, Бишкек качан жылуулук менен толук камсыз болору так айтылбаган бойдон калды.
Авария катталган күндүн эртеси, 27-январда Бишкектеги абал оңолбой, тескерисинче жаңы маселе кошулду. Жылуулук берилбей калгандыгынан улам электр энергиясын колдонуу кескин өсүп, бул абал ар кандай аварияларды жаратып, электр жарыгы өчүрүлө баштады. 27-январь күнү кечке жуук "Улуттук энергетикалык холдинг" коомчулукка ЖЭБдеги абалдан улам электр энергиясын үнөмдөө керектигин айтып, #жарыктыүнөмдө деген хэштег менен кайрылуу жасады. Баш калаанын бир нече райондорунда бул акцияга катышууга, үнөмдөөгө жеткирбей эле жарык өчүп калды.
Бул арада интернетке Бишкек ЖЭБинен тартылды деп сүрөт, видеолор тарады. Анда баш калааны жылуулук менен камсыз кылуусу керек болгон ЖЭБ өзү жылуулукка муктаж экендиги, борбордун ичиндеги труба, терезе жана башкалар тоңуп калгандыгы тартылган. Тийиштүү мекемелер бир күндөн соң бул фото, видеолор чын эле Бишкек ЖЭБинин учурдагы абалы экендигин моюндап, бирок ал борбордун жаңылоодон өтө элек бөлүгү экендигин айтып, жаңыланган бөлүктөн фото, видеолорду жарыялоого өтүштү. Бул фотолор шаар тургундарынын үйлөрүнө жылуулук алып келбеген соң коомчулуктун нааразычылыгы токтободу. Премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен шаардын ар кайсы аймагында уюштурулган убактылуу жылынуучу жайлар, андагы ысык чай да элдин сынын, нааразычылыгын токтото албады.
Ызгаардуу 4 күн салык төлөөчүлөрдү жарандык укуктары жол берүүчү мыйзамдуу суроолорду өкмөткө, энергетика тармагынын башчыларына, өлкө жетекчилигине узатып, жооп талап кылууга түрттү. Эң негизги суроо – Кытайдан дал ушул ЖЭБди жаңылоого алынган 386 миллион долларлык кредит кайда, кантип жумшалды? Эмне үчүн жаңылоодон өткөнүнө жарым жыл болбой жатып Бишкек ЖЭБинде мындай маселе жаралды? Абалга ким айыптуу?
2013-жылы 11-сентябрда Кыргыз Өкмөтү кытайлык Эксимбанк менен “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча 386 миллион долларга кредиттик келишим түзгөн. Жогорку Кеңеш Кытай Эл Республикасы менен Кредиттик келишимди ратификациялоо мыйзамын 2013-жылы 11-декабрда кабыл алып, 2014-жылы 3-январда ал күчүнө кирген. 2014-жылы 7-февралда Өкмөттүн токтому чыккан. Ага ылайык, долбоор 2014-жылдын июнь айынан старт алып, 2017-жылдын 3-кварталында бүтөрү белгиленген. Ошол жылдары келишимди жүзөгө ашыруучу катары TBEA’нын тандалышы боюнча көп суроо жаралган, анын бири аталган компаниянын ЖЭБди жаңылоодо тиешелүү тажрыйбасы жоктугу эле. Экинчи суроо аткаруучу компаниянын тендерсиз тандалганы болгон. Буга жооп иретинде кредиттин Шанхай кызматташтык уюмунун линиясы аркылуу берилип жатканы, Кытай өкмөтүнүн каалоосу, талабы түшүндүрүлгөн. “TBEA’нын кызматынан Кыргыз мамлекети баш тартса, анда Кытай кредит бербейт” деген ошол кезде “Электр станциялары” ААКсынын башкы директорунун орун басары Жолдошбек Назаров. Бул суроолор азыр кайрадан коомчулук тарабынан көтөрүлүп, кредит максаттуу колдонулганбы, колдонулбаса, олуттуу териштирүүлөр болушу керектиги айтылууда. Ошондой эле жоопкерчиликке тартууда ЖЭБдин катардагы кызматкери эмес, жетекчилик деңгээлиндеги жана жогорку бийлик башчыларынын тепкичинде турган адамдар жооп бериши керектиги тууралуу маселе кабыргасынан коюлуп жатат. Ошол жогорку кызматтагы адамдардын макулдугу жок ЖЭБге автоунаа алуу да мүмкүн эместиги турган иш.
Эми жаңылоодон жарым жыл өтпөй бул борбордо катталган 2 авариянын өзөгүнө келсек. Авария катталардан бир нече саат мурун аталган борбордун техникалык коопсуздук көзөмөлдөө кызматынын башчысы ЖЭБ бир да жолу шаардыктарды жылуулуксуз калтырган эмес, техника үзгүлтүксүз иштеп жатат деп жарыялаган. 4 күндөн кийин авария от казандарына байланыштуу эмес, химиялык цехте орун алганы, андагы насостор жаңылоо долбооруна кошулса да, алардын реконструкциясы жүргүзүлө электиги айтылды. Анда эмне үчүн ЖЭБдин модернизациясы бүттү делген салтанаттуу иш-чарада баары жаңыланды деп жар салынган?
Бүгүнкү күнгө карата ЖЭБдеги авариялык абал боюнча УКМК, Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы иликтөө жүргүзүп жатат. Анын жыйынтыгына жараша Башкы прокуратура чара көрөт. Эки күн бою үн катпаган президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн премьер-министр Сапар Исаковду кабыл алып, ЖЭБдеги аварияга күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу керектигин айтты. Маселенин баары ушул жерде катылуу. Жоопкерчиликке ким тартылат? Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын жетекчиси Айбек Калиевби? Энергетикалык тармакка жооп берген өкмөт башчынын орун басары Аскарбек Шадиевби? Же өкмөт башчы Сапар Исаковбу? Же бизде боло келгендей, ошол цехтин от жагуучусубу?
Бул окуяны бийлик үчүн күрөштө Исаковдун өкмөтүн алып түшкүсү келгендер, Сапар Исаковдон арылгысы келгендер кылып, же пайдаланып жатышкан жокпу? Мындай ойдун, суроонун да айтылууга акысы бар...
Жогорку Кеңеш дагы бир жолу пассивдүүлүгүн көрсөтүп, депутаттар Жылуулук электр борборундагы абал менен таанышуу үчүн бүгүн эмес, эртең бармакчы болушту. Тагыраагы парламенттин Отун энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети аварияны текшерүү максатында эртең ЖЭБде көчмө жыйын өткөргөнү жатат. Анын жыйынтыгына жараша депутаттар азыркы кырдаалга ким күнөөлүү экендигин чечишет.
Эл өкүлдөрүнүн ичинен аварияга карата оперативдүү реакция кылгандардан Дастан Бекешев менен Эльвира Сурабалдиева болду. “Ызгаардуу суукта жылуулуксуз калтырган адамдарга карата Башкы прокуратура шалаакылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгошу керек. Эч бири отставка менен эле кутулуп кетпеши зарыл” деп Бекешев жазса, Сурабалдиева буга чейин чиновниктерге карата “5-10 жылдан кийин жаштар келип, ушул 400 миллион доллар үчүн жоопко тартып, бардыгыңарды түрмөгө отургузуп салат деп коркпойсуңарбы?” деген суроосун кайталап чыгарды.
Ал эми спикер Дастанбек Жумабеков 119 депутатты чукул түрдө кезексиз жалпы жыйынга чакырбады. Эл атынан шайланып келген өкүлдөр керек маалда элдин үнүн бийликке жеткирүүсү керектигин маанилүү иш деп санабады көрүнөт. Жогорку Кеңеште эл өкүлдөрү комитеттик жыйынын үшүбөй-тоңбой 23 градус жылуулуктагы залда өткөрүп, ЖЭБдеги абалды комитет эртең талкуулайт деп жылуу-жумшак үйлөрүнө тарап кетишти. Миллиондон ашык жашоочусу бар Бишкек шаарынын тургундары эл өкүлдөрүнөн колдоо көрбөй, суук менен ар бири өз алына жараша күрөшүп кала беришти....