2010-жылдагы май жана июнь айларында Жалал-Абад менен Ош облустарында болгон окуяларда каза болгон жана аталган окуялардын кесепеттеринен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын балдарына ошол жылдын август айынан баштап ай сайын жөлөк пул төлөнүп келет. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, учурда 616 балага жөлөк пул берилет. Үстүбүздөгү жылдын 5 айында бул балдарга жөлөк пул төлөө үчүн мамлекеттик бюджеттен 15 миллион сом бөлүнгөн.