Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Баткен облусуна иш сапары менен барды

Бүгүн, 7-июнда социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев Баткен облусунун алыскы райондорундагы абал менен таанышуу үчүн аталган облуска барды. Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей,  жергиликтүү тургундар менен жолугушууда көрсөтүлүп жаткан социалдык тейлөөлөрдүн абалы тууралуу сүйлөшүүлөр болмокчу. Мүмкүнчүлүк болсо кээ бир маселелер жеринен чечилмекчи. Иш сапарынын алкагында министр Лейлек жана Сүлүктү райондорунун жашоочулары менен жолугушуп, алардын бир катар көйгөйлүү маселелерин чечүүгө убадасын берди. Ал эми 8-9-июнь күндөрү Кудайберген Базарбаев Баткен, Кадамжай райондорунда жана Баткен, Кызыл-Кыя шаарларында эл менен жолугушууларды өткөрмөкчү. Ошондой эле Сүлүктүдөгү “Нур” аталышындагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жатак үйүнө барат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан