Британиянын тургуну Лиза Фокстрот 2015-жылдан бери түлкүнүн өлгөн баласын "тарбиялап" келет. Башкача айтканда, өлгөн соң атайын катырылган бачикини өз баласындай көрүп, ага кам көрүп гана тим болбостон Иисус деген ат ыйгарган.
Фокстроттун чет элдик басылмаларга берген маектерине таянсак, 2015-жылдын башында анын сүйлөшкөн жигити унаа айдап бара жатып, түлкүнүн баласын сүзүп өлтүрүп алган. Аны атайын адистерге алып барып, катырып берүүнү суранган. Андан соң сүйүктүүсү Лиза Фокстротко белек кылган.
"Мен "баламды" Рождество майрамынын алдында белекке алгам, ошол себептен аны Иисус деп атап койгом. Мен Иисуска кам көрүп, ага толук кандуу үй-бүлө мүчөсүндөй мамиле кылам", - деп билдирген Фокстрот.
Катырылган бачикини өз баласындай асыраган Лиза ага ар түрдүү кийимдерди кийгизип, белгилүү адамдардын образдарын жаратат. Бул эмгектерин ал сүрөткө тартып, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялап турат. Фокстроттун бул кадамын көпчүлүк интернет колдонуучулар сынга алып, ал психикалык жактан жабыр тартат деген ойлоорун билдирип келишет. Ал эми айрым колдонуучулар муну жөн гана өзүнө көңүл бурдуруу үчүн жасалып жаткан кадам катары баалашкан.