Жалал-Абад. Жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлык жыйынтыкталды

Жалал-Абад шаарын жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлык жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды.  Мэриянын чечими менен “Спутник” аймактык башкармалыгы алдынкы орунду алды. "Биздин аймактык башкармалык эки айлыкка активдүү катышты. Жасаган ишибиз минтип бааланып отурат",- дейт “Спутник” аймактык башкармалыгынын башчысы Гүлмира Худайбергенова. "Ушул эки айлыктын алкагында 12 көп кабаттуу үйдүн чатырын жаап алдык. Биздин негизги көйгөйүбүз - суу түтүктөрүнүн эскилиги болууда. Чатыры жабылган 12 үйдүн ар бирине 8-9 миң сомдон каражат сарпталды. Жашоочулардан акча топтоо бизге кыйынчылык туудурат",- деп кошумчалайт ал. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан